Микати: «Израилдин Ливандын аскерлерин бутага алуусу ок атышууну токтотууну четке кагууда»
Ливандын премьер-министри Нежиб Микати Израилдин Ливандын түштүгүндөгү армиянын позициясын бутага алган кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Ливандын премьер-министри Нежиб Микати Израилдин Ливандын аскерлерин бутага алуусу ок атышууну токтотуу боюнча бардык аракеттерди четке кагып жатканын билдирип турганын айтты.
Нежиб Микати Израилдин Ливандын түштүгүндөгү армиянын позициясын бутага алган кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Ливандын премьер-министри өз билдирүүсүндө: «Израилдин өлкөнүн түштүгүндөгү армия борборун түздөн-түз бутага алуусу, ок атышпоого жетишүү үчүн жасап жаткан бардык аракеттери жана байланыштары четке какканын, түштүктө армиянын катышуусун күчөтүүнү жана Бириккен Улуттар Уюмунун 1701 резолюциясын ишке ашырууну четке каккан кандуу кабарды билдирет»,-деди.
Бул түздөн-түз чабуулдун «Ливандын армиясы жана жарандары бир нече жолу кабылган кол салууларга кошулуп, өлкөдө болуп жаткан окуяларга эл аралык коомчулуктун унчукпай турганынын сүрөтүн чейгенин» белгилеген Микати: «Израилдин ар түрдүү чечимди четке каккан билдирүүлөрү уланууда. Кудум эле сентябрь айында Америка-Франция ок атышпоо чакырыгында болгону сыяктуу, Ливандын каны менен күн тартибинде турган чечимди уялбастан четке кагууда»,-деп айтты.
Ливан армиясынын X социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүгө караганда Израиль армиясы Килайла-Сур жолунда Эль-Амириедеги армиянын позициясын бутага алган.
Кол салууда, алдын ала маалыматтарга караганда, бир ливандык аскер каза болуп, 18 аскер жараат алды, алардын арасында абалы оор аскерлер да бар.
Израилдин армиясы бул чабуулга «өкүнүчтө экенин жана Ливан армиясына каршы согушпаганын» айтып чыкты.
Бул кол салуу менен Израилдин кол салууларынын натыйжасында 2023-жылдын 8-октябрынан бери каза болгон ливандык аскерлердин саны 41ге жетти.