Газаны сел каптады
Газа тилкесиндеги жарандык коргонуу директорлугунун басма сөз катчысы Махмуд Басал жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө темага байланыштуу маалымат берди.
Израилдин блокадасы жана кол салуусу астында болгон Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде жааган жамгыр селге айланып, жүз миңдеген киши баш калкалаган чатырларды каптап, зыянга учуратты.
Газа тилкесиндеги жарандык коргонуу директорлугунун басма сөз катчысы Махмуд Басал жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө темага байланыштуу маалымат берди.
Кечээ эртең менен башталган жамгырдын күч менен жер которгон жарандар баш калкалаган чатырларга олуттуу зыян келтиргенин белгилеген Басал, чатырларды суу каптаганын, төшөк, кийим-кече болгон бардык нерселердин суу астында калганын белгиледи.
Эл аралык коомчулукту жана Бириккен Улуттар Уюмун күч менен жер которгон палестиналыктарды куткаруу үчүн дароо кийлигишүүгө чакырган Басал, жарандарды кыш мезгилиндеги жагымсыз шарттардан коргоо үчүн альтернативалык чатырлар же кербендердин берилишин суранды.
Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Израилдин кол салуулары 2023-жылдын 7-октябрында башталгандан бери 2 миллион 300 миң калкы бар Газа тилкесинде 2 миллион киши мажбур түрдө жер которгон.
Зордук менен жер которгон палестиналыктар качкындар борбору катары колдонулган мектептерде жана туугандарынын үйлөрүнө баш калкалоого аргасыз болсо, алардын айрымдары көчөлөргө, сейил бактарга же стадиондорго чатыр тигип жатышат.
Палестиналыктар суу жана тамак-аш жетишсиз жана оорулардын жайылышына шарт түзгөн оор гуманитардык шарттарда аман калуу үчүн күрөшүп жатышат.