Израилдин Ливанга кол салуулары
Израилдин кечээ Ливандын борбор шаары Бейруттун борборундагы 8 кабаттуу турак үйгө кол салуусунан каза болгондордун саны өсүүдө.
Израилдин кечээ Ливандын борбор шаары Бейруттун борборундагы 8 кабаттуу турак үйгө кол салуусунан каза болгондордун саны өсүүдө.
Каза болгондордун саны 20га, жаракат алгандардын саны 66га жетти.
Израиль Ливандын түштүгүндөгү Сур шаарындагы мечитти да бутага алды.
Таир Харфа шаарындагы мечитти бульдозер жана оор техникалар менен талкалады.
Израиль акыркы 2 айда кол салган сыйынуучу жайлардын саны 20га жетти.
Израиль Сур шаарындагы Айн-Баал шаарына да кол салды.
Израилдин учкучсуз учуучу аппараты медициналык топту бутага алып, 2 медициналык кызматкер каза болуп, 4 киши жараланды.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 8-октябрынан берки Ливанга кол салууларында каза болгондордун саны 25ке көбөйүп, 3670ке жетти.
Хизболла Израилдин чабуулдарына жооп кайтарды.
Набатиедеги Дейр-Мимас шаарчасына кирүүгө аракет кылган израилдик аскерлердин мизин майтарганы билдирилди.
Кагылышууда Израиль аскерлеринин каза болгондугу жана жараланганы белгиленди.