Израилдиктердин 54 пайызы Ливандагы ок атышууну токтотууну колдойт
Израилдеги 12-канал тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо катышуучулардын 54 пайызы Ливанга кол салууларды токтото турган ок атышпоо келишимине кол коюуну колдошкон.
Израилдиктердин 54 пайызы Ливандагы ок атышууну токтотууну колдойт.
Израилдеги 12-канал тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо катышуучулардын 54 пайызы Ливанга кол салууларды токтото турган ок атышпоо келишимине кол коюуну колдошкон.
Тель-Авив администрациясынын келишимге кол коюусуна каршы чыккандардын саны 24 пайызды түздү.
Сурамжылоого катышкандардын 79 пайызы 2023-жылдын 7-октябрында болгон окуялар боюнча иликтөө комиссиясынын түзүлүшүн колдосо, 8 пайызы комиссиянын түзүлүшүнө каршы чыккан.
Израиль өкмөтүнүн ишмердүүлүгү тууралуу суроого катышуучулардын 64 пайызы «премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү учурда өлкөнү башкарып жаткан жолго ишенбей турганын» айтышса, 30 пайызы «ишенебиз» деп жооп беришти.
Тектеш кабарлар
Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.