Россия менен Украинанын ортосундагы абал
Россия Украинага континенттер аралык баллистикалык ракета менен кол салды.
Россия Украинага континенттер аралык баллистикалык ракета менен кол салды.
Россиянын президенти Владимир Путин бул ракетаны колдонуу менен Батышка олуттуу кабар бергендерин баса белгиледи.
"Орешник системасын сынообуз НАТОнун Россияга каршы агрессивдүү аракеттерине жооп", - деген Путин мындай чабуулдардын улантылышы мүмкүн экенин айтты.
"Мындай ракеталарды мындан ары жайгаштыруу боюнча чечимдер АКШнын жана союздаштарынын аракеттерине жараша болот", — деди Путин.
Россия жуманын ичинде Америкада жасалган 5 ATACMS ракетасынын атып түшүрүлгөндүгүн жарыялады.
Британия жана Францияда жасалган эки Storm Shadow ракетасы да зыянсыздандырылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский : "Путин согушту күчөтүү үчүн кадамдарды жасап жатат", - деди.
Зеленский : "Путин Украинаны ачык эле сыноо полигону катары пайдаланып жатат. Бир өлкө көз карандысыз болууну кааласа дароо ушундай кадамдарга барууда",- деди.
Чыңалуунун күчөшү Россиянын коңшуларын да кыймылга келтирди.
Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев маанилүү аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырды.