Латвия, Литва жана Эстониянын лидерлери инфраструктуранын коопсуздугун талкуулашты

Балтика министрлер кеңешинин алкагында Литванын борбор шаары Вильнюста чогулган үч лидер Россия - Украина согушу жана коргонуу темаларында пикир алмашышты.

2213050
Латвия, Литва жана Эстониянын лидерлери инфраструктуранын коопсуздугун талкуулашты

Литванын премьер-министри Ингрида Симоните, Латвиянын премьер-министри Евика Силина жана Эстониянын премьер-министри Кристен Михал Балтика деңизинде Финляндия менен Германия жана Швеция менен Литванын ортосунда  байланыш курган  деңиз астындагы телекоммуникациялык кабелдер үзүлгөндөн кийин инфраструктуранын коопсуздугун талкуулашты.

Балтика министрлер кеңешинин алкагында Литванын борбор шаары Вильнюста чогулган үч лидер Россия - Украина согушу жана коргонуу темаларында пикир алмашышты.

Лидерлер Балтика деңизинде деңиз астындагы телекоммуникациялык кабелдердин үзүлүшү Балтика деңизи өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын маанисин көрсөткөнүн белгилеп, өз өлкөлөрүнүн инфраструктуралык коопсуздугуна көңүл буруунун маанисин баса белгилешти.

НАТОнун Чыгыш канатынын жана Европанын коопсуздугунун “Украинанын согушта жеңишке жетиши менен евроатлантикалык интеграцияга көз каранды экенин” белгилеген лидерлер Киевге колдоону күчөтүүгө чакырышты.

Лидерлер Москвага каршы санкцияларды күчөтүү үчүн Россия  менен Беларуска карата экспортко чектөө коюлган согуштук товарлардын биргелешкен тизмесин түзүү боюнча макулдашты.

Балтика өлкөлөрүнүн министрлер кеңеши 1994 - жылдын 13 - июнунда Латвия, Литва жана Эстония тарабынан түзүлгөн. Кеңештин алкагында үч өлкөнүн лидерлери жылына бир жолу жолугушат.

Телекоммуникация кызматтарын көрсөткөн жана акцияларынын көпчүлүгү мамлекетке таандык болгон финляндиялык Cinia компаниясы 19-ноябрда Финляндия менен Германиянын ортосундагы C-Lion1 суу астындагы  кабелдин үзүлүшүнөн улам пайда болгон системада үзгүлтүктүн болгону жана   тейлөө кызматтарында үзгүлтүктүн болгонун билдирген.
18-ноябрда Telia телекоммуникация компаниясы иштеткен Литва менен Швециянын ортосундагы байланыш кабелинде да мүчүлүштүктүн бар экендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар