Кир Стармер - Марк Рютте сүйлөшүүсү

Британиянын премьер - министри Кир Стармер НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Россия  - Украина согушун жана Россия тарапта согушуп жаткан Түндүк Кореянын кызматкерлерин талкуулады.

2212982
Кир Стармер - Марк Рютте сүйлөшүүсү

Британиянын премьер - министри Кир Стармер НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Россия  - Украина согушун жана Россия тарапта согушуп жаткан Түндүк Кореянын аскерлери тууралуу талкуулады.

Британиянын  премьер - министрлигинин 10 номерлүү кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Рютте менен Стармер телефон аркылуу сүйлөштү.

Россия -Украина согушундагы окуялар талкууланып, Украинанын кышка дагы күчтүү позицияда кириши тууралуу бирдей пикирге барылды. 

Рютте менен Стармер Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия тарабында согушка катышуу маселесинин Евро-Атлантика жана Индо-Тынч океан коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгилешти.

Стармер сүйлөшүүдө  өкмөтүнүн коргонуу тармагында аткарган иштери тууралуу сөз кылып, улуттук кирешенин  2,5 пайызын коргоо тармагында жумшоого чечкиндуу экендигин кайталады.



Тектеш кабарлар