Хизбуллах Израилге ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды
Хизбуллах кечээ ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен Израилдин түндүгүндөгү 3 аскердик базаны, Сафед шаарын жана эки отурукташуу жерин бутага алгандыгын жарыялады.
Хизбуллах кечээ ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен Израилдин түндүгүндөгү 3 аскердик базаны, Сафед шаарын жана эки отурукташуу жерин бутага алгандыгын жарыялады.
Хизбуллах тарабынан жасалган билдирүүдө Хайфа шаарынын
түндүк - батышында Ливан чек арасына болжол менен 35 километр алыстыкта жайгашкан Израиль армиясынын Стелла Марис деңиз базасы менен шаардын чыгышындагы Израиль аба күчтөрүнө тааныдк Хайфа техникалык базасынын көп сандаган ракета менен бутага алынгандыгы белгиленди.
Акка шаарынын түндүгүндөгү жана Голани бригадасынын командирлик борбору болгон Шера аскердик базасынын да ракета жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынганы билдирилди.
Басып алынган Голан дөңсөөлөрүндө Израиль армиясына таандык эки пункттун бутага алынганы, Израилдин түндүгүндөгү Сафед шаары менен эки отурукташуу жеринин көп сандаган ракета менен аткылангандыгы маалымдалды.
Израилдин түндүгүндө ар кайсы аймактарда 6, Ливандын түштүгүндө ар башка шаарларда да 17 Израиль бөлүгүнө кол салуу болгондугу, Хизбуллах мүчөлөрүнүн Ливандын түштүгүндөгү Сур аймагына караштуу Жебин аймагында Израиль аскерлери менен кагылышкандыгы билдирилди.
Ливандын түштүгүндөгү Хиям жана Шема шаарчаларында Израиль армиясына таандык эки «Меркава» тибиндеги танктын ракеталар менен аткыланганы, Израиль аскерлеринин арасында каза болгондор жана жаралангандардын бар экендиги, Ливандын түштүгүндөгү Сидон шаарында Израилдин аскердик учагына каршылык көрсөтүлүп, учактын Ливандын аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө аргасыз болгону белгиленди.