Газада каза болгондордун саны 44 миң 176га жогорулады

Израилдин Газа тилкесинде жасаган кол салуулары 414-күндөн бери уланууда.

2213055
Газада каза болгондордун  саны 44 миң 176га жогорулады

Израиль кол салууларын уланткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 44 миң 176га жетти.

Израилдин Газа тилкесинде жасаган кол салуулары 414-күндөн бери уланууда.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль күчтөрү тарабынан акыркы 48 саатта жасалган 7 кол салууда 120 палестиналыктын каза болгону, 205 палестиналыктын жараланганы билдирилди.

Израиль кол салуусун баштаган 2023-жылдын 7-октябрынан бери жалпы каза болгондордун саны 44 миң 176га, жаралуулардын саны 104 миң 473кө жеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар