Газа жана Ливанда кеминде 6 израилдик аскер өз жанын кыйды
Өз жанын кыйган израилдик аскерлердин санынын дагы көп экендиги божолдолгондугу бирок Израиль армиясынын ушул убакка чейин бул туралуу расмий маалыматтарды бөлүшүүдөн баш тарткандыгы маалымдалды.
Yedioth Ahronoth гезитинин кабарына караганда акыркы айларда Израилдин Газа жана Ливандагы кол салууларында узак убакыт кызмат кылгандан кийин психологиясы начарлаган кеминде 6 израилдик аскердин өз жанын кыйганы билдирилди.
Өз жанын кыйган израилдик аскерлердин санынын дагы көп экендиги божолдолгондугу бирок Израиль армиясынын ушул убакка чейин бул туралуу расмий маалыматтарды бөлүшүүдөн баш тарткандыгы маалымдалды.
Миңдеген израилдик аскерлердин Израиль армиясы тарабынан түзүлгөн психикалык саламаттыкты сактоо клиникаларына жана талаада кызмат өтөгөн психологдорго кайрылганы билдирилди.
Согуштан улам психологиясы бузулган израилдик аскерлердин саны жаралангандардан көп экендиги болжолдонууда.
Израиль армиясынын психикалык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Лусиан Лиор март айында Haaretz гезитине берген маалыматында болжол менен 1700 израилдик аскерге психологиялык жардам көрсөтүлгөнүн айткан.
Израилдин 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында болжол менен 17 миң 492си бала жана 11 миң 979зу аял болгон 44 миң 56 палестиналык каза болуп, 104 миң 268 киши жараланды.
Урандылардын астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып, жарандык инфраструктура да талкаланууда.
Тектеш кабарлар
Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.