ДССУнун кеңешчиси 2050 - жылга чейин климатка байланыштуу эпидемия боюнча эскертти
Исса климаттык кризис менен эпидемиялык оорулардын ортосунда байланыш бар экенин жана бул жагынан биринчи кезекте ооруну алып жүрүүчү жандыктардын аймак өзгөртүшү экенин белгиледи.
Дүйнөлүк Cаламаттыкты Cактоо Уюму ДССУ климаттык кризистин 2050 - жылга чейин жаңы эпидемияга жол ачышы мүмкүн экендигин эскертти.
ДССУнун кеңешчилеринин бири, Др Рита Исса климаттык кризистин адамдын ден соолугуна көп жактан таасирин тийгизип жатканын белгилеп, экстремалдык аба ырайы кубулуштары, эпидемиялар жана ысык толкундардан улам пайда болгон маселелердин да бул таасирлердин айрымдары экенин белгиледи.
Исса климаттык кризис менен эпидемиялык оорулардын ортосунда байланыш бар экенин жана бул жагынан биринчи кезекте ооруну алып жүрүүчү жандыктардын аймак өзгөртүшү экенин белгиледи.
Глобалдык жылуулуктан улам аймак алмаштырган жаныбарларга безгек оорусун алып жүрүүчү чиркейлерди мисал келтирген Исса, мындай абалдардын эпидемиялык оорулардын агымынын өзгөрүшүнө алып келгенин баса белгиледи.
ДССУнун кеңшчиси : "Климаттык кризистин натыйжасында 2050-жылга чейин дагы бир эпидемиянын пайда болуу ыктымалы жогору",- деди.