Владимир Зеленский Владимир Путиндин билдирүүсүнө баа берди
Украинанын президенти Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинага жаңы типтеги баллистикалык ракета менен жасаган кол салуусуна байланыштуу билдирүүсүнө “бул жылы согушту күчөтүү үчүн экинчи кадамды таштагандыгын моюнга алды” деген баа берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинага жаңы типтеги баллистикалык ракета менен жасаган кол салуусуна байланыштуу билдирүүсүнө “бул жылы согушту күчөтүү үчүн экинчи кадамды таштагандыгын моюнга алды” деген баа берди.
Владимир Зеленский Россиянын өлкөсүнө жаңы үлгүдөгү баллистикалык ракета менен кол салганы тууралуу видеобилдирүү жарыялады.
Владимир Путиндин Украинанын Днепр шаарындагы аскердик өнөр жай комплексине орто аралыкка учуучу «Орешник» ракетасы менен кол салышканын жарыялаганын эске салган Зеленский : «Путин быйыл согушту күчөтүү үчүн экинчи кадамды таштагандыгын мойнуна алды. Жаңы баллистикалык ракета Украинанын эң чоң шаарларынын бири болгон Днепрды атты",- деди.
Россиянын кеминде 11 миң түндүк кореялык аскерди согушка катыштыргандыгын белгилеген Зеленский, өлкөсүнө каршы кол салууда биринчи жолу жаңы орус баллистикалык ракетасы колдонулганын айтты.
Россиянын бул ракетаны колдонуусу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын бузганын айткан Украина лидери : «Бул согуштун масштабынын жана ырайымсыздыгынын ачык жана олуттуу өсүшү. Россиянын тынчтыкты каалабашынын дагы бир далили»,-деди.
Зеленский Россия - Украина согушунун башталышынан жооптуу болгон орус президентинин бул согушту 1000 күндөн ашык убакыттан бери улантып жатканын айтты.
Украинанын катуу кол салууларда өзүн коргоого укугунун бар экенин баса белгилеген Зеленский Украинанын бул согушта мурда да алыс аралыкка атуучу курал колдонгонун айтты.
Украинанын президенти дүйнөнүн Россиянын кол салууларына жетерлик реакция кылбаганын жана Россиянын бул согушту улантуу үчүн «бардык ыкмаларды» колдонгонун белгилеп : "Россияны бир гана күч колдонуу менен тынчтыкка мажбурлоо керек. Болбосо, Украинага гана эмес, чексиз орус чабуулдары, коркутуулар жана туруксуздуктар болот",- деди.