Россия : АКШнын аракеттери Жакынкы Чыгышта зомбулуктун бир гана себеби
Россиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа тилкесинде чукул ок атышпоо, туткундардын бошотулушун талап кылган резолюция долбооруна вето коюусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Россия АКШнын аракеттеринин Жакынкы Чыгышта жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө зомбулуктун көбөйүшүнө жана миллиондогон жарандын кыйынчылык тартышынын бир гана себеби экендигин белгиледи.
Россиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа тилкесинде чукул ок атышпоо, туткундардын бошотулушу жана ачарчылыктан өлүмдөрдү алдын алууну талап кылган резолюция долбооруна вето коюсуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө Газадагы кол салууларда каза болгон палестиналыктардын санынын 44 миңге, жаралуулардын санынын 104 миңге жеткени белгиленип : «Вашингтон Газадагы коркунучтуу кан төгүүнү токтотуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу четке какты. АКШнын аракеттери Жакынкы Чыгышта жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө зомбулуктун көбөйүп, миллиондогон жарандын кыйынчылык тартышынын бир гана себеби",- деп айтылды.
Билдирүүдө Россиянын БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана башка эл аралык платформаларда Газада ок атышпоонун камсыздалышы, кагылышуулардын кеңейишин алдын алуу, Жакынкы Чыгышта эл аралык мыйзамдын алкагында туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтык жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн демилгелерин уланта турганы белгиленди.
Кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газада ок атышуунун дароо токтотулушу, туткундардын бошотулушу жана ачарчылыктан өлүмдөрдү алдын алууну талап кылган резолюция долбооруна АКШ төртүнчү жолу вето койду.