Орусия: "Storm Shadow канаттуу ракеталарын атып түшүрдүк"

Министрликтин билдирүүсүндө, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2212388
Орусия: "Storm Shadow канаттуу ракеталарын атып түшүрдүк"

Орусиянын Коргоо министрлиги, эки даана алыс аралыкка учуучу "Storm Shadow" канаттуу ракетанын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлады.  

Министрликтин билдирүүсүндө, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Орус аскерлеринин Донецк аймагындагы Дальнейе отурукташуу жерин колго алганы белгиленген билдирүүдө, «Британ өндүрүшүндөгү 2 даана "Storm Shadow" канаттуу ракетасы, АКШ өндүрүшүндөгү 6 даана HIMARS ракетасы жана 67 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлдү» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө, согуш башталгандан бери (2022-жылдын 24-февралында) 648 учак, 283 тик учак, 36 миң 467 учкучсуз аппарат, 586 абадан коргонуу ракеталык системасы, 19 миң 420 танк жана бронетехника, 1490 көп стволдуу ракета аткычтар, 18 миң 318 гаубицалар жана минометтор менен 28 миң 573 атайын аскердик техниканын жок кылынганы белгиленди.

Кечээ британ басма сөзүндө орун алган кабарда Британиянын Украинага берген узак аралыкка учуучу "Storm Shadow" канаттуу ракеталарынын биринчи жолу Орусия аймагында колдонулганы айтылган. Белгилүү болгондой, сөз болуп жаткан ракеталар 250 километрден ашык аралыкка жете алат.



Тектеш кабарлар