Кельнде азанды үн күчөткүч аркылуу окуу адаты туруктуу болот

Ушундай эле практика болжол менен 37 жылдан бери Дюрен мечитинде жана Түндүк Германиядагы Рендсбург мечитинде көп жылдардан бери жүргүзүлүп келет.

2212190
Кельнде азанды үн күчөткүч аркылуу окуу адаты туруктуу болот

Түрктөр жана мусулмандар көп жашаган Германиянын Кельн шаарында 2 жылдан бери пилоттук долбоор катары ишке ашырылган «белгилүү шарттарды сактоо шарты менен жума күндөрү түшкү азанды үн күчөткүч аркылуу окуу» адаты туруктуу болот.

Немис басма сөзүнүн борбор шаар муниципалитетине таянуу менен чыккан кабарына караганда, 2 жылдык баалоо процессинин аягында мечит жетекчилиги менен макулдашылган шарттардын бузулбаганы үчүн кол коюлган келишимдин мөөнөтсүз узартылары белгиленди.

Кельн шаарында 2022-жылдын октябрынан бери жума күндөрү түшкү азан үн күчөткүч аркылуу «саат 12.00-15.00 ортосунда 5 мүнөттөн ашпаса жана кошуналардын тынчын албаса», башкача айтканда, «чиркөөнүн коңгуроолорундагыдай үн белгилүү деңгээлден ашпаса», чак түшкү азан үн күчөткүчтөр аркылуу айтылат.

Ушундай эле практика болжол менен 37 жылдан бери Дюрен мечитинде жана Түндүк Германиядагы Рендсбург мечитинде көп жылдардан бери жүргүзүлүп келет.

Өлкөдө бир гана Дин иштеринин Түрк-Ислам Биримдигине (DİTİB) караштуу 900гө жакын мечит бар.



Тектеш кабарлар