ДССУ М чечеги вирусуна каршы "lc16m8 вакцинасын" бекитти
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ВОЗ) M чечек (mpox) вирусуна каршы шашылыш колдонуу үчүн Японияда KM Biologics тарабынан иштелип чыккан жана чыгарылган "LC16m8 вакцинасын" бекиткендигин жарыялады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ВОЗ) M чечек (mpox) вирусуна каршы шашылыш колдонуу үчүн Японияда KM Biologics тарабынан иштелип чыккан жана чыгарылган "LC16m8 вакцинасын" бекиткендигин жарыялады.
ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус чечим тууралуу X баракчасынан билдирди.
Гебрейесус Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун M чечек вирусуна каршы "LC16m8 вакцинасын" шашылыш колдонуу тизмесине кошкондугун белгилеп, мунун эпидемия аймактарында 1 жаштан жогорку балдар үчүн катталган биринчи вакцина экенин белгиледи.
"Бул М чечеги вирусу жайылууну улантып өзгөчө балдар менен бирге аялуу катмарларды коргоо үчүн маанилүү кадам",- деген Гебрейесус акыркы эки айда эпидемиянын борбору болгон Конго Демократиялык Республикасындагы M чечеги бейтаптарынын жарымынын 12 жашка чейинки балдар экенин эске салды.
Гебрейесус : "Быйыл M чечеги бейтаптарынын жалпы саны 40 миңден ашты жана 1200 адамдын каза болгону билдирилди. Бурунди менен Угандадагы эпидемия да жайылып баратат. 22 - ноябрь жума күнү эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлүп жаткан кийлигишүүнү изилдөө үчүн М чечги боюнча өзгөчө кырдаалдар комитетин кайра чакырам",- деди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму 13 - сентябрда М чечеги вирусуна каршы алдын ала квалификациядан өткөн биринчи вакцинанын Bavarian Nordic тарабынан чыгарылган "MVA-BN" экенин жарыялады.
M чечеги вирусу 14 - августта Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму тарабынан "эл аралык мааниге ээ элдик саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал" деп жарыяланган.