Украиналыктардын көпчүлүгү согуштун бүтүшүн каалашат
Gallup изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоо украиналыктардын согушка болгон көз карашында чоң өзгөрүү болгонун көрсөттү.
Украиналыктардын 52 пайызы Россия менен болгон согуштун бүтүшүн каалайт.
Gallup изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоо украиналыктардын согушка болгон көз карашында чоң өзгөрүү болгонун көрсөттү.
Россия менен болгон согуштун улантылышын 2022 - жылы жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын болжол менен 73 пайызы колдошсо, 2023 - жылы болсо 63 пайызы, колдогон ал эми бул жылдын август жана октябрь айларында жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 52 пайызы Москва менен болгон согуштун сүйлөшүү жолу менен, «дароо» бүтүшү керектигин билдиришти.
Сурамжылоого катышкандардын 38 пайызы өз өлкөсүнүн "жеңишке жетишкенге чейин" согушту улантуу керектигине ишенсе бул көз караш согуш күч алган Украинанын чыгышында
27 пайызга төмөндөгөн.
Сурамжылоого ылайык, согушту дароо токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү колдогон украиналыктардын жарымынан көбү өлкөсүнүн тынчтык үчүн айрым аймактарды берүүгө ачык болуу керектигин жакташууда.
2022 жана 2023 - жылдары согушту улантууну колдогон украиналыктардын басымдуу көпчүлүгү (92 жана 93 пайыз) жеңишти "Крым да болгон 2014 - жылдан бери алынган бардык аймактарды кайтарып алуу” деп эсептешсе, быйыл бул көрсөткүч 81 пайызга чейин азаайды.