Иран Европа Биримдиги жана Британияга каршылык көрсөттү

Иран Европа Биримдиги менен  Британиянын кечээги жаңы санкцияларына жооп иретинде Европа Биридигинин кезектешкен башкаруучулугун аткарган Венгриянын Тегерандагы элчисин тышкы иштер министрлигине чакырды.

2211724

Ирандын тышкы иштер министрлигинен  берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Украина менен согушунда колдонуусу үчүн Россияга баллистикалык ракета жибергендиги тууралуу айтылгандардан улам Европа Биримдиги жана Британиянын Иранга жаңы санкцияларды алып келиши менен министрликке чакырылган Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу, Венгриянын Тегеран элчисине  Тегеран башкаруусунун нааразычылыктары билдирилди. 

Билдирүүдө Европа Биримдигинин санкцияларынын "мыйзамга терс" жана "адилетсиз"  экендиги айтылып, Ирандын деңизчилик секторунун санкциялардын негизинде бутага алынышынын «навигация эркиндигин жана деңиз соодасын бузганы» белгиленди.

Ирандын Россияга баллистикалык ракета жибергендигине байланыштуу айтылгандардын Украинанын жогорку мартабалуу жетекчилери тарабынан ырасталбагандыгына орун берилген билдирүүдө Европа өлкөлөрүнүн Ирандын кандайдыр бир өлкө менен коргонуу кызматташуусуна кийлигишүүсүнүн да кабыл алынгыс экендиги баса белгиленди.

Европа Биримдиги жана Британия Ирандын Россияга баллистикалык ракета жибергендигине байланыштуу айтылгандар тууралуу кечээ ирандык киши жана мекемелерге карата санкция чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар