Британиядан Украинага кошумча аскердик жардам

Британиянын коргоо министри Жон Хили британ парламентинде Орусия-Украина согушунун 1000-күнүнө байланыштуу билдирүү жасады.

2211813
Британиядан Украинага кошумча аскердик жардам

Британия Украинага жаңы чабуул жана байкоочу дрондор ​​үчүн 7,5 миллион фунт стерлинг кошумча аскердик жардам берерин жарыялады.

Британиянын коргоо министри Жон Хили британ парламентинде Орусия-Украина согушунун 1000-күнүнө байланыштуу билдирүү жасады.

Хили Украинаны колдоо жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин ийгиликсиз болушун камсыздоо үчүн эл аралык өнөктөштөр менен союздаштардын биригиши керектигин баса белгиледи.

Министр Хили жаңы чабуул жана байкоочу дрондор ​​үчүн Украинага каражат бөлүнгөнүн жарыялап, бул жардамдын өлкөсү жана Латвия жетектеген учкучсуз учуучу аппараттар коалициясы аркылуу берилерин, каражаттан жылдык 3 миллиард фунт стерлинг алынып ишке ашырыла турганын билдирди.

Британиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Украинага аскердик колдоонун кеңейтилери жана ушул алкакта жаңы кол салуу жана байкоочу дрондор ​​үчүн бул өлкөгө 7,5 миллион фунт колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Билдирүүдө бул аскердик жардамдын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Орусияга каршы күрөшүнө олуттуу колдоо болору айтылды.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) да Киев башкаруучулугуна 100 миллион долларлык аскердик техника жана кызматтарды сатууну бекитти.



Тектеш кабарлар