Түштүк Корея Түндүк Корея менен Россия менен аскердик кызматташуусун айыптады

Улуттук коопсуздук боюнча башкы кеңешчи Ким Тэ Хонун билдирүүсүнө ылайык, Юн  Чоң жыйырмалыкта Пхеньян менен Москваны аскердик кызматташтыкты дароо токтотууга чакырды

2211592
Түштүк Корея Түндүк Корея менен Россия менен аскердик кызматташуусун айыптады

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Юн Сук Ёол Бразилияда болгон Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде Түндүк Корея жана Россиянын ортосунда күчөп бараткан аскердик кызматташууну" катуу айыптады. 

Улуттук коопсуздук боюнча башкы кеңешчи Ким Тэ Хонун билдирүүсүнө ылайык, Юн  Чоң жыйырмалыкта Пхеньян менен Москваны аскердик кызматташтыкты дароо токтотууга чакырды.

Юн бул эки өлуөнүн арасында тереңдеп бараткан  аскердик кызматташууну "катуу" айыптады жана буга каршы катуу эскертүү жарыялоо үчүн өлкөлөрдү биримдиктүү болууга чакырды. 

Япониянын премьер - министри Ишиба Шигеру, Канаданын премьер - министри Жастин Трюдо жана Австралиянын премьер - министри Энтони Албанездин да Юндун бул аскердик кызматташтыкка каршы пикирине кошулгандыгын баса белгилеген Ким,  бул өлкөлөрдүн Түндүк Кореянын Россиянын Украинага каршы согушуна катышуусунун глобалдык коопсуздукка чоң таасиринин бар экенине байланыштуу тынчсыданууларын да бөлүшкөндүгүн  билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында Түндүк Кореяга расмий иш сапары менен барып, тараптар ортосунда «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине» кол коюлган.

АКШ жана НАТОдон октябрь айынын акырында берилген маалыматтарда Түндүк Кореянын Россияга аскер жибергендги жана булардын Украина чек арасына жакын Курск аймагына жайгаштырылгандыгы белгиленген болчу.

 



Тектеш кабарлар