Марк Рютте Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында билдирүү жасады
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияга таандык учкучсуз учуучу аппараттары жана ракеталардын НАТОнун аба мейкиндигин кайра кайра бузуусунан танчсыздангандыгын билдирди.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияга таандык учкучсуз учуучу аппараттары жана ракеталардын НАТОнун аба мейкиндигин кайра кайра бузуусунан танчсыздангандыгын билдирди.
Марк Рютте Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында Румыниянын премьер - министри Чиолаку менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасады.
Кара деңиздин коопсуздугуна маани бергенин баса белгилеген Рютте орус учкучсуз учуу аппараттарынын жана ракеталарынын НАТОнун аба мейкиндигин бузуусун айыптады.
Марк Рютте : «Орус учкучсуз учуучу аппараттарынын жана ракеталарынын НАТО аба мейкиндигине кайра кайра кириши коркунучтуу жана кабыл алынгыс»,- деди.
НАТОнун баш катчысы : «НАТО чыгыш канатындагы абадан коргонуусун бекемдеди жана союздаштар азыркы учурда жүздөгөн бешинчи муундагы аскердик учактарды алууда»,- деди.
Россиянын Украинада (2022) баштаган согуш менен НАТОнун күчтүү абадан коргонуу системаларына болгон муктаждыкты ортого чыгарганын белгилеген Рютте : «Абадан коргонуу, алдыңкылык болууну улантууда»,- деди.
Рютте : «НАТО Кара деңиздеги коопсуздукка чоң маани берет. Ар бир союздашты коргоого даярбыз»,- деди.
Чиолаку да Россиянын көбөйгөн аба мейкиндигин бузууларынын жана Кара деңизинде болушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Рюттени НАТОнун Румыниядагы аскерлерин бекемдөөгө чакырды.