Чоң жыйырмалыктын декларациясы жарыяланды
Декларацияда Израилдин кол салуусу астында Газа тилкесиндеги гуманитардык абал "апаат" деп мүнөздөлүп, аймакка гуманитардык жардамдын керектиги баса белгиленди.
Бразилиянын жетекчилигинде Рио де Жанейродо өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктардын 19 - лидерлер саммитинин биринчи күнүндө Газа, Ливан жана Украинадагы абалдар тууралуу декларация жарыяланды.
Декларацияда Израилдин кол салуусу астында Газа тилкесиндеги гуманитардык абал "апаат" деп мүнөздөлүп, аймакка гуманитардык жардамдын керектиги баса белгиленди.
Палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүүгө укугу бар экени баса белгиленип, эки мамлекеттүү чечим сунушталды.
Израиль - Ливан чек арасында кеңири ок атышпоонун колдоого алынганы жарыяланды.
Декларацияда Украинадагы согуштун глобалдык азык - түлүк жана энергетика коопсуздугуна тийгизген терс таасирлери баса белгиленип, туруктуу тынчтыктын колдоого алынгандыгы билдирилди.
Атомдук куралдардан тазаланган жана баары үчүн коопсуз бир дүйнө максатына умтулуу баса белгиленди.
Климаттык кризис менен күрөшүүдө Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн чечкиндүүлүгүнө көңүл бурулган декларацияда жакыр өлкөлөрдү дагы көп каржылоо керектиги маалымдалды.
Декларацияда жасалма интеллект темасы да орун алды.
Жасалма интеллекттен пайдаланыларын бирок корунучтарынын көз жаздымда калбай турганына байланыштуу билдирилди.
Декларацияда ачкачылык, жакырдык жана теңсиздик менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк баса белгиленди.