Англия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин билдирүүсү

БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Лэмми жана Сыбиха Орусиянын Украинага кол салууларынын 1000 күндөн бери уланып жатканын баса белгилеп, биргелешип аракет кылуу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилешти.

2211491
Англия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин билдирүүсү

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми жана анын украиналык кесиптеши Андрей Сыбиха Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштун 1000-күнүндө Орусиянын агрессиясына каршы турууга чакырышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу баш кеңсесинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Лэмми жана Сыбиха Орусиянын Украинага кол салууларынын 1000 күндөн бери уланып жатканын баса белгилеп, биргелешип аракет кылуу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилешти.

Лэмми : «Дем алыш күндөрү биз Украинага август айынан берки эң ири аба соккусу менен акыркы мыкаачылыкка күбө болдук, анда ондогон жайкын тургундар өлүп, жарадар болду»,-деди.

Орусиянын сөз болуп жаткан аба соккусу Украинанын электр инфраструктурасын эффективдүү түрдө жок кылуу максатында жасалганын айткан Ламми, Британиянын Украинага колдоо көрсөтүүдөгү «чечкиндүүлүгүн» дагы бир жолу кайталады.

Лэмми Украинанын Орусияга каршы турушунун Британия менен Европанын коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин баса белгиледи.

Орус коркунучуна көңүл бурган Сыбиха: «Бул глобалдык коркунуч глобалдык жоопту талап кылат»,-деди.

Улуу Британия менен Украинанын тышкы иштер министрлери АКШ Украинага жеткирген алыс аралыкка учуучу тактикалык ракеталык системаларды (АТАКМС) Орусияга каршы колдонуунун кесепеттери боюнча ар кандай пикирлерин билдиришти.

Украинанын тышкы иштер министри Сыбиха бул ракеталар «оюндун эрежелерин өзгөртөт» жана Орусиянын аймагындагы буталарды атуу мүмкүнчүлүгү менен «процессти кыскарта алат» деп билдирди.

Лэмми алыскы аралыкка учуучу ракеталарды колдонуу «операциялык коопсуздуктун тобокелдикке салынышы» дегенди билдирет деп эскертти.



Тектеш кабарлар