Израилдин Ливанга кол салуулары...

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин уланып жаткан кол салууларынан каза болгондор тууралуу маалымат берилди.

2210749
Израилдин Ливанга кол салуулары...

Баскынчы Израиль армиясынын 2023-жылдын 8-октябрынан бери Ливанга карай кол салууларынан каза болгондордун саны 3 миң 452ге жетти.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин уланып жаткан кол салууларынан каза болгондор тууралуу маалымат берилди.

Ливандын көптөгөн аймактарында баскынчы Израиль армиясынын кечээки  кол салууларынан 7 кишинин каза болгону, 65 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө, канкор Израилдин Ливанга 2023-жылдын 8-октябрынан берки кол салууларынан каза болгондордун саны 3 миң 452ге жеткени, алардын 889у аялдар жана балдар, 208и саламаттыкты сактоо кызматкерлери болгону белгиленди. Ал эми жаракат алгандардын саны 14 миң 664кө жетти.

Бир тараптан геноциддик Израиль армиясы борбор шаар Бейруттун түштүгүндөгү Дахие аймагына эртең мененки сааттарда бир катар катуу абадан кол салууларды баштады.

Ливандын расмий агенттиги NNA кол салуулардын Хадес, Шийа жана Бурж аль-Барасин аймактарын бутага алганын билдирди.

Хадеске катуу аба соккулары «Сент. Ал Джордж» ооруканасынын айланасын бутага алган.

Шийадагы чиркөөнүн жанындагы 12 кабаттуу имаратка биринчи кол салууда ракетанын жарылбаганы, экинчисинде имараттын толугу менен талкаланганы билдирилди.

Бурж аль-Барасин аймагындагы Али Насер орто мектебинин артында абдан катуу кол салуу болгону белгиленди.

Бейруттун түштүгүндөгү Дахиенин асманын чаң жана түтүн булут каптап, көптөгөн имараттар зыянга учурады.

Кол салууларда каза болгондор же жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар