Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Газадагы жарандык коргонуу директорлугунун басма сөз катчысы Махмуд Басал, канкор Израилдин согуштук учактарынын жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Абу Аса мектебин эки ракета менен бомбалаганын билдирди.

2210758
Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Израилдин Газанын түндүгүндөгү Месру Бейт Лахиядагы 5 кабаттуу имаратка кыргын кол салуусунан алгачкы эсептөөлөргө караганда 50 киши каза болду.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда геноциддик Израиль армиясы Месру Бейт Лахия аймагында күч менен жер которгон палестиналыктар жаткан 5 кабаттуу имаратка сокку урду.

Маалыматтарга караганда, 70ке жакын адам турган имарат талкаланган.

Алгачкы эсептөөлөргө караганда, кол салууда 50 палестиналык каза болуп, ондогону жарадар болгон.

Оорукана булактарынан алынган маалыматка караганда канкор Израиль армиясына таандык согуштук учактар ​​Газанын борбордук бөлүгүндөгү Бурайж качкындар лагеринде 2 үйдү бомбалады. Кол салууларда 11 киши каза болгон.

Геноциддик Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын чыгышын да бутага алды. Кол салуулардын натыйжасында 5 киши каза болду.

Окуяга күбө болгондор да Израиль күчтөрүнүн Газанын түндүгүндөгү Жибалия качкындар лагеринин батышындагы Эль-Фахура районунда ондогон имаратты жардырганын кабарлашты.

Бир тараптан геноциддик Израиль армиясынын Газанын батышындагы Шатий качкындар лагеринде жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепти бутага алышынын натыйжасында 10 киши каза болуп, 20дан ашуун киши жараланды.

Газадагы жарандык коргонуу директорлугунун басма сөз катчысы Махмуд Басал, канкор Израилдин согуштук учактарынын жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Абу Аса мектебин эки ракета менен бомбалаганын билдирди.

Палестиналык расмий өкүл алгачкы жыйынтыктарга караганда кол салууда 10 палестиналыктын каза болгонун, 20дан ашуун кишинин жараланганын айтты.

Газа тилкесиндеги Жарандык коргонуу директорлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жарандык коргонуу топторунун  канкор Израилдин Газа шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Шабия түйүнүнүн жанында «Эйүб» үй-бүлөсүнө таандык бир үйгө кол салуусунан каза болгон 4 палестиналыктын сөөгүн урандылардын астынан чыгарганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салууда жаралангандардын да бар экени белгиленди.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израилдин Газанын чыгышындагы Дарк мааласын бутага алган геноциддик бомбалоосунда 5 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда канкор Израиль армиясы Нусайрат качкындар лагеринин батышындагы Севариха мектебине жакын жердеги бир үйгө сокку урду.

Авде ооруканасынын саламаттыкты сактоо булактары кол салууда бири бала болгон 4 палестиналыктын каза болгонун билдирди.

Бир тараптан премьер-министрликтен берилген маалыматка караганда Мустафа, Бетлехем шаарын кыдырды.

Премьер-министр Мухаммед Мустафа Газа тилкеси Кудс жана Палестинанын башка аймактары сыяктуу Палестина мамлекетинин бөлүнгүс бөлүгү экенин баса белгиледи.

Израилдин кандуу кол салуулары аяктаганда Газа тилкеси менен Батыш Шерианын саясий, географиялык жана мекемелик жактан кайрадан бириктирилиши үчүн аракеттер көрүлөөрүн белгилеген Мустафа, улуттук ынтымактын зарыл экенин айтып; бир, көз каранды эмес жана бирдиктүү Палестина мамлекетин түзүү жолунда бара жатышкандыктарын билдирди.

Мустафа, «Палестина элине карай болуп жаткан геноцидди токтотуу, Газа тилкесин басып алуудан кайра куткаруу, гуманитардык жардам темаларына көңүл буруу, кайра куруу процессин баштоо жана мекемелерди бириктирүү» үчүн дипломатиялык аракеттердин уланып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар