Зеленский : "Ак үйдү башкара турган жаңы комнаданын саясаттары менен согуш ылдам бүтөт"

Украинанын президенти Владимир Зеленский  АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жана Россия  -  Украина согушун  ылдам акырына чыгара аларын айтты.

2210608
Зеленский : "Ак үйдү башкара турган жаңы комнаданын саясаттары менен согуш ылдам бүтөт"

Украинанын президенти Владимир Зеленский  АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жана командасынын Россия  -  Украина согушун  ылдам акырына чыгара аларын айтты.

Зеленский Украинанын коомдук телерадиокомпаниясы Suspilne Ukraineга берген маегинде Украина - АКШ карым  - катнаштарына баа берди.
Россия  -  Украина согушунун акырына чыгышына байланыштуу методдорду карап чыгуу үчүн буга чейин Трамп менен сүйлөшкөнүн  эске салган Зеленский : "Ал (Трамп)  биз таянган негиз тууралуу укту. Мен андан биздин позициябызга каршы эч нерсе уккан жокмун",- деди. 

Согуштун адилеттүү аякташынын Украина үчүн маанилүү экенин белгилеген Зеленский, Трамп жана командасынын мамилеси менен согуштун дагы тез бүтүшү мүмкүн деген баа берди.

Зеленский буларды айтты : "Согуш бүтөт, бирок белгилүү бир күнү жок. Согуш Ак үйдү башкара турган жаңы команданын саясаты менен тезирээк бүтөт. Бул алардын мамилеси, коомго берген убадасы жана  алар үчүн  абдан маанилүү".

 

 



Тектеш кабарлар