Израилдин Ливанга карата кол салуусу

Израиль армиясынын 2023 - жылдын 8 - октябрынан бери Ливанга жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 59га көбөйүп, 3 миң 445ке жетти.

2210590
Израилдин Ливанга карата кол салуусу

Израиль армиясынын 2023 - жылдын 8 - октябрынан бери Ливанга жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 59га көбөйүп, 3 миң 445ке жетти.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин уланып жаткан кол салууларында каза болгондор тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын кечээ Ливандын көптөгөн аймактарында жасаган кол салууларында 59 кишинин каза болгону, 182 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин 2023 - жылдын 8 - октябрынан бери Ливанга жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 3 миң 445ке жеткени, алардын 889нун аялдар жана балдар, 208нин саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жаралангандардын саны  14 миң   599га жеткендиги маалымдалды.



Тектеш кабарлар