Газада акыркы 24 саатта 35 киши каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесине 2023 - жыл 7 - октябрдан бери жасап жаткан кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 35ке көбөйүп, 43 миң 799га жогорулады.
2210684
Израиль армиясынын Газа тилкесине 2023 - жыл 7 - октябрдан бери жасап жаткан кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 35ке көбөйүп, 43 миң 799га жогорулады.
Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израилдин Газа тилкесине 407 күндөн бери уланып жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин түрдүү аймактарында ишке ашырган "3 кыргында" 35 кишинин каза болгондугу, 111 кишинин жаралангандыгы белгиленди.
Израилдин 2023 - жылы 7 - октярдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларда каза болгондордун саны 43 миң 799га, жаралуу саны да 103 миң 601ге жогорулагандыгы маалымдалды.