Израилдин Палестинадагы кыянатчылыгына каршы дүйнөнүн төрт бурчунан каршы чыгуулар  күч алууда

Полиция митингчилерге кийлигишти.

2209949
Израилдин Палестинадагы кыянатчылыгына каршы дүйнөнүн төрт бурчунан каршы чыгуулар  күч алууда
paris filistin destek.jpg
hollanda amsterdam filistin destek.jpg

Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда Аякс-Маккаби Тель - Авив беттешүүсүнөн кийин чыккан  окуялардын артынан  кош жарандуулугу бар  кишилерди  депортациялоо менен коркуткан өкмөткө каршы митинг өткөрүлдү.

Полиция митингчилерге кийлигишти.

Франциянын борбор шаары Парижде да Палестинага колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлгөн митингге миңдеген киши катышты.

«Түбөлүккө чейин Израиль» коому уюштурган галага каршы жүрүшкө чыккан митингчилер  менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты.

7 -  ноябрда Амстердамда ойнолгон Аякс -  Маккаби Тель - Авив УЕФА Европа лигасы беттешүүсүнөн мурда жана кийин израилдик күйөрмандар аралашкан  окуялардан кийин бүгүн Парижде ойноло турган Франция - Израиль футболдук беттешүүсү үчүн катуу коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Аймакта коопсуздуктун түзүлүшү үчүн  4 миң  полициянын кызмат кылары жарыяланды.

Палестинанын колдоочулары өткөн жумада Франция -  Израиль футболдук беттешинин болбошу үчүн Франция футболдук федерациясынын имаратында митинг өткөрүшкөн.

 



Тектеш кабарлар