Израиль палестиналыктын үйүн кулатты

Израиль Газа тилкесине кол салган 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоо жана рейддерин күчөтүүдө.

2210044
Израиль палестиналыктын үйүн кулатты

Израиль армиясы басып алынган Батыш Шериада бир  палестиналыктын үйүн «уруксатсыз» деген негиз менен кулатты. 
Израилдик күчтөр аскердик бульдозерлер менен Батыш Шерианын Наблус   шаарына караштуу Ятма аймагында рейд жүргүздү.

Израилдик аскерлер палестиналык Бера Ахмед Насердин үйүн бошотууга мажбурлап, андан соң Насердин 2 кабаттуу үйүн кулатышты.

Израилдик аскерлер мындан мурда Насердин Ятма жана Кабалан кыштактарынын ортосундагы  үйүн да кулатышкан. 
Израиль басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста  палестиналыктарга таандык үйлөрдү жана козголгус мүлктөрдү «уруксатсыз» деген негиз  менен кулатууда.

Израиль Газа тилкесине кол салган 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоо жана рейддерин күчөтүүдө.



Тектеш кабарлар