Флоренция туристердин санын азайтуу үчүн чара көрүүдө
Шаар мэри Сара Фунаро жетектеген жергиликтүү башкаруу, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн он беренеден турган план даярдады.
Италиянын тарыхый шаары Флоренция туристердин санын азайтуу үчүн чараларды көрүп жатат.
Туристтердин санынын өсүшү туруксуз болуп баратат деген даттануулардан кийин, кыска мөөнөткө ижарага алган батир ээлери колдонгон ачкыч кутучаларына жана гиддердин үн күчөткүчтөрүнө тыюу салуу сыяктуу чаралар көрүлдү.
Туристтердин көбөйүшү шаардагы үйлөрдүн баасын жогорулатып, жергиликтүү элдин реакциясын жаратты. Шаар мэри Сара Фунаро жетектеген жергиликтүү башкаруу, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн он беренеден турган план даярдады.
Флоренция 2024-жылдын алгачкы тогуз айында 7,8 миллион туристти кабыл алып, туризм басымынын туруксуз болуп калганын билдирди.
Флоренция Италияда ашыкча туризм менен күрөшкөн биринчи шаар эмес. Өткөн аптада байыркы Помпей шаары күнүмдүк туристтердин санын 20,000ге чейин чектей турганын жана жекелештирилген билеттерди ишке ашыра турганын жарыялаган.
Венеция да 2025-жылы туристтик мезгилдерде кирүү акысын алаарын маалымдады.
Римде болсо оңдоо иштери аяктагандан кийин Треви фонтанына туристтердин кирүүсүнө чектөө киргизилет.