Суданда холера эпидемиясы: 979 адам каза болду
Судандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө холера менен ооругандардын жалпы санынын 34 миң 108ге жеткени белгиленди.
Суданда холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 979га жетти.
Судандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө холера менен ооругандардын жалпы санынын 34 миң 108ге жеткени белгиленди.
Билдирүүдө холера эпидемиясынын себебинен каза болгондордун санынын 979га жеткени кабарланды.
Суданда июнь айында башталган нөшөрлөгөн жамгыр жана селдер холера оорусунун жайылышына алып келди.
Судан бийлиги 12-августта холераны эпидемия деп жарыялаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) 1-октябрда билдиргендей, судандык 3,4 миллион бала эпидемия коркунучунда турат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 5-октябрда Суданга холерага каршы 1,4 миллион доза вакцина жөнөткөнүн кабарлаган.
Согуш уланып, саламаттыкты сактоо системасы эффективдүү иштебеген Суданда эпидемиялык оорулардын жайылышы адамдардын жашоосун ого бетер кыйындатууда.