Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады

АКШнын Польшага абадан коргонуу системаларын жайгаштыруусу тууралуу баа берген  Песков мунун Россиянын аскердик потенциалына тоскоол болуу планы экенин жана ага каршы чара көрө тургандарын белгиледи.

2209763
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков теңдикти түзүү максатында АКШнын Польшага абадан коргонуу системаларын жайгаштыруусуна каршы чара көрө тургандарын айтып : "Бул биздин аскердик потенциалыбызга тоскоол болуу аракетинен башка эч нерсе эмес», - деди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

АКШнын Польшага абадан коргонуу системаларын жайгаштыруусу тууралуу баа берген  Песков мунун Россиянын аскердик потенциалына тоскоол болуу планы экенин жана ага каршы чара көрө тургандарын белгиледи.

Песков : "Бул багыттагы пландарды ишке ашыруу уланууда. Бул АКШнын аскердик инфраструктурасын Европа аймагындагы биздин чек араларыбызга  карай бекемдөө.  Бул биздин аскердик потенциалыбызга тоскоолдук кылуу аракетинен башка нерсе эмес. Албетте, бул теңдикти түзүү максатында зарыл чараларды көрүүгө алып келүүдө",- деди.

Израиль менен Ливандын Россия ортомчулук ролду ойной турган ок атышпоо келишимине кол коюуга жакын экендиги тууралуу билдирүүлөрүнө дабаа берген Песков ок атышпоонун камсыздалышы үчүн колдорунан келгендин баарын аткаргандарын айтты.

Басма сөз катчысы Песков орус армиясынын  Украинадагы "атайын аскердик операциясын" улантып, украиналык аскердик  элементтерге каршы чабуулдарды жасап жатканын айтты.



Тектеш кабарлар