Остин Умеров менен сүйлөшүү өткөрдү
Остин Умеровго Жо Байден башкаруучулугунун Украинага "коргонуу жардамын көбөйтүү боюнча убадасын" кайталады.
2209660
Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Ллойд Остин Украинанын коргоо министри Рустем Умеров менен АКШнын Украинага көрсөткөн колдоосуна байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү.
АКШнын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Остин украиналык кесиптеши Умеров менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Остин Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш тууралуу маалымат алмашкан Умеровго Жо Байден башкаруучулугунун Украинага "коргонуу жардамын көбөйтүү боюнча убадасын" кайталады.
Ошондой эле Түндүк Кореянын аскерлеринин Орусия тарапта Украинага каршы согушка кириши темасы да талкууланып, тыгыз байланышта болуу чечкиндүүлүгү баса белгиленди.