Орус бомбардир учактары Кара деңиздин үстүндө учту

Бул учактарды «Су-30СМ» жана «Су-27» үлгүсүндөгү согуштук учактардын коштогону, учуунун 5 саатка созулганы маалымдалды.

2209577
Орус бомбардир учактары Кара деңиздин үстүндө учту

Орусиянын Коргоо министрлиги, Орусиянын 2 бомбалоочу учагынын Кара деңиздин үстүндө пландуу учууну ишке ашырганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, эки даана «Ту-22М3» үлгүсүндөгү орус бомбалоочу учагынын Кара деңиздеги эл аралык сууларда пландуу учканы белгиленди.

Бул учактарды «Су-30СМ» жана «Су-27» үлгүсүндөгү согуштук учактардын коштогону, учуунун 5 саатка созулганы маалымдалды.

Ошондой эле "Ту-95 МС" үлгүсүндөгү эки стратегиялык бомбардир учагынын да Баренц деңизинин үстүндө пландуу учуу жасаганы кабарланды.

Орус учактарынын Арктика, Түндүк Атлантика океандары, Тынч океан, Кара жана Балтика деңиздеринде үзгүлтүксүз учууларды жүргүзгөнү айтылган билдирүүдө, учуулардын аба мейкиндигин колдонууга байланыштуу эл аралык эрежелерге ылайык ишке ашырылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар