Израиль Газанын түндүгүндө кеминде 2000дей адамды өлтүрдү

Бул тууралуу Газадагы өкмөттүн медиа кеңсесинин директору Исмаил эс-Севабите маалымат берди.

2209800
Израиль Газанын түндүгүндө кеминде 2000дей адамды өлтүрдү

Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүнө кургактан чабуул баштагандан 6-октябрдан берки кол салууларынан кеминде 2000 палестиналык каза болду.

Газадагы өкмөттүн медиа кеңсесинин директору Исмаил эс-Севабите Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө 38 күндөн бери «этникалык тазалоо» жүргүзүп жатканын жана кеминде 2000 палестиналыкты өлтүргөнүн билдирип, эл аралык коомчулукту Газанын түндүгүндөгү палестиналыктарга карай болуп жаткан «геноциддик согушту» тез арада токтотууга чакырды.

Севабите АКШ, Англия жана кээ бир Европа өлкөлөрүн Газадагы «ачкачылык жана геноцид саясатына шериктеш болуу» менен айыптады.

Севабите ошондой эле  Рефах чек ара капкасынын аркы тарабында 600 миң тонна жардам жана азык-түлүк материалдарынын күтүлгөнүн, Израилдин өтүшүнө уруксат бербегенин белгиледи.



Тектеш кабарлар