Йемендеги хуситтер: «Биз АКШнын учак конуучу кемесин жана эки эсминецти бутага алдык»
Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери хуситтердин Кызыл деңизде жана Оман деңизинде 8 саатка созулган эки чабуулу болгонун жарыялады.
Йеменде Иран колдогон хуситтер, Кызыл деңиз жана Оман деңиздериндеги чабуулдарында АКШга таандык эки эсминец жана бир учак конуучу кемени бутага алганын жарыялашты.
Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери хуситтердин Кызыл деңизде жана Оман деңизинде 8 саатка созулган эки чабуулу болгонун жарыялады.
Оман деңизиндеги биринчи чабуулда АКШнын учак конуучу кемеси «Абрахам Линкольн» учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен бутага алынганын белгилеген Сери, мунун АКШнын Йеменге кол салууга даярдануу учурунда болгонун белгиледи.
Хуси лидери экинчи чабуулда АКШнын эки эсминеци Кызыл деңизде бутага алынганын айтты.
Сөз болгон кол салуулардын Палестина жана Ливан элине колдоо көрсөтүү максатында жасалганын белгилеген Сери, хуситтердин Израилге каршы кол салууларынын Газа тилкесиндеги блокада жоюлмайынча, Газа жана Ливандагы кол салуулар токтотулганга чейин улана турганын баса белгиледи.
Хуситтер менен байланышы бар делген Коргоо министрлигинин Руханий жетекчилик департаментинин директорунун орун басары Абдулла бин Амир, АКШ күчтөрүнө каршы алдын ала аскерий операция жасалганын билдирди.
Бул арада АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) АКШнын Йемендеги Иран колдогон хуситтерге каршы абадан сокку урганын жарыялады.
Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер, АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) Йемендеги хуситтерге таандык бир нече курал сактоочу жайга абадан сокку урганын белгилеп, бул операциялардын хуситтердин АКШ баштаган коалициялык күчтөргө каршы кол салууларына жооп катары жасалганын айтты.
Райдер ошондой эле 11-ноябрда CENTCOM күчтөрү Бабулмандеп кысыгынан өтүп бара жатканда хуситтердин чабуулун ийгиликтүү кайтарганын билдирди.
USS Stockdale жана USS Spruance эсминецтерине өтүү учурунда «кеминде 8 бир тараптуу кол салуу, экипажсыз аба системалары, 5 кемеге каршы баллистикалык ракета жана 3 кемеге каршы канаттуу ракеталар менен чабуул жасалганын» белгилеген Райдер, кол салуулардын бөгөттөлүшүнүн натыйжасында кемелердин зыянга учурабаганын жана эч кимдин да жараланбаганын айтты.
Райдер «Авраам Линкольн» учак конуучу кемесине кол салууга байланыштуу: «Бул жагынан эч кандай кол салуулар тууралуу кабардар эмесмин»,-деди.
Тектеш кабарлар
Подеста: «Түркия негизги өнөктөш жана талапкер өлкө»
Евробиримдик комиссиясынын жаңы басма сөз катчылары журналисттер менен биринчи жолу жолугушту.