Филиппинде болгон тайфун күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Филиппин кабар агенттигинин (PNA) билдиргенине караганда, Улуттук апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу кеңеши (NDRRMC) өлкөдө катуу болгон "Тораджи" жана "Усаги" тайфундарына байланыштуу билдирүү жасады.

2209752
Филиппинде болгон тайфун  күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Филиппинде болгон жана көптөгөн адамдын  эвакуацияланышына себеп болгон "Тораджи" жана "Усаги" тайфундары күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизди.

Филиппин кабар агенттигинин (PNA) билдиргенине караганда, Улуттук апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу кеңеши (NDRRMC) өлкөдө катуу болгон "Тораджи" жана "Усаги" тайфундарына байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө тайфундардын 5 аймакта жалпы 195 миңден ашуун киши менен 53 миңге жакын кожолукка зыян келтиргени маалымдалды.

Билдирүүдө 28 миңден ашуун адам эвакуациялоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленген билдирүүдө  эвакуацияланган 4 миңден ашуун кишиге бул борборлордун тышында  жардам көрсөтүлгөнү айтылды.

Билдирүүдө тайфундан келип чыккан ыңгайсыз  аба ырайынан улам 2 кишинин жараланганы белгиленди.

Филиппин метеорология бюросунун (PAGASA) билдирүүсүндө, «Усаги» тайфуну себеп болгон шамалдын ылдамдыгынын саатына максимум 120 километрге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө тайфундун 48 сааттын ичинде катуу жамгыр жаашына  жана океанда  2 - 3 метрге жеткен толкундарды жаратышы мүмкүн экендиги эскертилип, жарандар чакан деңиз транспорттору менен деңизге чыкпоо сунуш кылынды.

"Усаги" тайфунунун 24 сааттын ичинде күчөшү күтүлүүдө.

11 - ноябрда жетекчилер  "Тораджи" тайфунунан жапа чеккен Лузон аралынын көптөгөн аймактарында билим берүүнүн токтотулганын жана суу ташкын жана жер көчкү коркунучу бар аймактардагы 2500 кварталдын эвакуацияланарын жарыялашты.



Тектеш кабарлар