Уранда жашоону колдой турган океандар

Окумуштуулар Уран жана  жандоочуларында жашоону камсыз кыла турган океандардын болушу мүмкүн экенин билдиришти.

2209388
Уранда жашоону колдой турган океандар

Окумуштуулар Уран жана  жандоочуларында жашоону камсыз кыла турган океандардын болушу мүмкүн экенин билдиришти.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, изилдөөчүлөр 1986 - жылы НАСАнын Voyager 2 космостук кемеси чогулткан маалыматтарды кайра карап чыгышты.

Жаңы баа берүүдө   Voyagerдин  маалымат чогултуп жатканда учурда  күчтүү күн бороонунан улам убактылуу магнит талаасынын убактылуу үзгүлтүккө учураган болушу мүмкүн экендиги,   мунун да Уран системасынын чындыкта кандай экени тууралуу жаңылтуучу  аныктамаларга алып келгендигине токтолушту.

Планетанын магнит талаасы планетадан жана спутниктеринен чыккан  жана океандар менен геологиялык активдүүлүктү көрсөткөн газдарды жана башка заттарды  кармап, Voyager 2 маалыматтарында магниттик тала көрүнгөн эмес жана бул да Уранда жашоо жок деген пикирге алып келди.

Ушунун негизинде  жаңы анализде  Уран системасындагы океандардын далилин көрсөткөн  газдарды аныктап жатып, окумуштуулар мунун планетада жашоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтөрүн  ырасташты.

Лондон университеттик колледжинен Уильям Данн  баа берүүсүндө : "Бул жыйынтыктарга ылайык, ал жерде жашоо үчүн керектүү шарттарга ээ болгон спутниктер болушу мүмкүн, кытыштын астында балыктарга толгон океандар болушу мүмкүн», - деди.



Тектеш кабарлар