Украина : Согуштан улам өлкөдө 589 бала каза болду
Украина прокуратурасынын Telegram эсебинен жасалган билдирүүдө Украинадагы согуштан улам каза болгон же жарадар болгон балдар тууралуу маалымат берилди.
Украинанын Башкы прокуратурасы орус - украин согушу башталгандан бери өлкөдө 589 баланын согуштан каза болгонун билдирди.
Украина прокуратурасынын Telegram эсебинен жасалган билдирүүдө Украинадагы согуштан улам каза болгон же жарадар болгон балдар тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Россия - Украина согушу башталгандан бери Россиянын кол салууларынан өлкөдө 589 баланын каза болгону, 1681ден ашуун баланын жараланганы белгиленди.
Днепропетровск облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Лысак социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, Россиянын кечээ Кривий Риг шаарына жасаган ракеталык чабуулунан кийин издөө - куткаруу иштеринин бүгүн да уланып жатканын билдирди.
Лисак бүгүн алган маалыматка караганда, көп кабаттуу үйдүн урандыларынан бир аял жана анын үч баласынын жансыз денесинин табылганын жарыялады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кол салууга байланыштуу билдирүүсүндө Россиянын согушту улантууну каалап жаткандыгын белгилеп : "Бул кол салуулардын баары Россиянын дипломатияга байланыштуу билдирүүсүн жалганга чыгарууда», - деди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.