Израилдин Ливанга карата колс алуусунда 18 киши каза болду
Ливандын расмий кабар агенттиги NNA, өлкөнүн түштүгүндөгү Сур, Сидон жана Набатия менен чыгышындагы Бекаа өрөөнүнүн ар башка жерлеринде жасалган кол салууларда 18 кишинин каза болгонун билдирди.
Израилдин Ливандын түштүгүндө жана чыгышында түрдүү жерлерге жасаган кол салууларында 18 киши каза болду.
Ливандын расмий кабар агенттиги NNA, өлкөнүн түштүгүндөгү Сур, Сидон жана Набатия менен чыгышындагы Бекаа өрөөнүнүн ар башка жерлеринде жасалган кол салууларда 18 кишинин каза болгонун билдирди.
Израилдин кол салууларынын натыйжасында өлкөнүн түштүгүндөгү Сур шаарына караштуу Сарифе шаарында 3 киши, Сексекийе шаарында 7 киши каза болуп, Сайда 7 киши жараланды.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Набатие шаарынын Бинт Жубейл аймагындагы Шакра, Бурк Калавие жана Ятер шаарчалары да Израилдин кол салууларынын бутасы болсо, Бурж Калавиедеги кол салууда 3 киши, Ятердеги кол салууда 2 киши каза болду.
Израилдин Ливандын чыгышындагы Бекаа өрөөнүнүн батыш тарабындагы шаарчага жасаган кол салуусунда 3 киши каза болду.
Мындан тышкары Израилдин аскердик учактары Набатиядагы Бейад аймагында тарыхый мечитти бутага алып, талкалады.
Израилдин Ливандын түндүгүндөгү Аккар аймагындагы Айн Якуп шаарчасына жасаган кол салуусунда 8 киши каза болду.
Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Айн Якубдагы имаратка жасалган кол салууда алгачкы жыйынтыктарга караганда 8 киши каза болуп, 14 киши жараланды.
Билдирүүдө Израилдин 2023 - жылдын 8 - октябрынан бери Ливанга кол салууларында каза болгондордун саны 3 миң 243кө, жаралуулардын саны 14 миң 134кө жеткени да маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Сириялык оппозициячылдар Дамаскка кирди...
Сириянын жогорку даражалуу расмий өкүлү президент Башар Асад Дамасктан кеткенин билдирди.