Ислам Кызматташтык Уюму - Араб лигасынын декларациясы
Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан Ислам Кызматташык Уюму - Араб лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинен кийин биргелешкен декларация жарыяланды.
Ислам Кызматташтык Уюму - Араб лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинин жыйынтык декларациясында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Газа тилкесинде ок атышпоо үчүн баш ийдирүүчү чечим чыгарууга чакырык салынды.
Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан Ислам Кызматташык Уюму - Араб лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинен кийин биргелешкен декларация жарыяланды.
Декларацияда Израилдин эл аралык укук бузууларына токтолуп, Бириккен Улуттар Уюмунун так чараларды көрө албаганы, эл аралык коомчулуктун ийгиликсиз болгону белгиленди.
Коопсуздук Кеңешине «Газада ок атышпоонун түзүлүшү жана гуманитардык жардамдардын кириши үчүн баш ийдирүүчү чечим чыгарууга» чакырык салынган декларацияда Израилдин БУУнун Башкы жыйынына катышуусун токтотуу үчүн эл аралык колдоо чогултуу аракеттеринин баштала турганы белгиленди.
Биргелешкен декларацияда Израилдин кылган кылмыштары үчүн көз карандысыз териштирүү талап кылынды.
Бардык өлкөлөрдү «Израилге курал - жарак жана ок - дарыларды экспорттоого же жөнөтүүгө тыюу салууга» чакырылган декларацияда Израилди мыйзам бузуулардан кайтаруу үчүн эл аралык санкциялар талап кылынды.
Декларацияда Эл аралык соттун чечимдери да эскертилип, бул чечимдердин тез арада ишке ашырылышы талап кылынды.