Дмитрий Медведев Фридрих Мерцтин сөздөрүнө баа берди

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев эгер канаттуу ракеталар Украинага тапшырыла турган болсо  кагылышуунун  коркунучу күчөй тургандыгын айтты.

2209384
Дмитрий Медведев Фридрих Мерцтин сөздөрүнө баа берди

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев эгер Украинага канаттуу ракеталар тапшырыла турган болсо  кагылышуунун  коркунучу күчөй тургандыгын айтты.

Медведев Telegram каналындагы билдирүүсүндө Германиядагы негизги оппозициялык Христиан-Демократиялык Биримдик партиясынын (CDU) лидери Фридрих Мерцтин :«Эгер  премьер-министр болуп шайлана турган болсо, Россияга согушту токтотуу боюнча ультиматум койорун, буга баш ийбесе  Киевге Taurus канаттуу ракеталарын берүү менен   алыс аралыкка атуучу куралдар менен орус жерлерин атууга уруксат  берери" тууралуу билдирүүсүнө баа берди.

Медведев сөз болуп жаткан ракеталардын согуштун жүрүшүн өзгөртпөй тургаylsusy билдирип : "Бирок бул кагылышуунун  эң кооптуу баскычына өтүү коркунучун күчөтөт. Президентибиз (Владимир Путин) да бул тууралуу эскерткен",- деди.

Медведев АКШда   Дональд Трамптын  президент болуп шайлангандан кийин Европа лидерлеринин чыңалганына көңүл буруп : "Европанын тажрыйбалуу жана акылдуу лидерлери тарыхта калды. Алардын ордуна эгосу бийик адамдар келди. Бул да  жаман сценарий ишке ашат деген мааниге келет",- деди.



Тектеш кабарлар