БУУ Пакистанды эскертти
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Пакистандын Пенджаб провинциясында абанын булганышынан улам 11 миллион баланын ден соолугунун коркунучта экендигин эскертти.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Пакистандын Пенджаб провинциясында абанын булганышынан улам 11 миллион баланын ден соолугунун коркунучта экендигин эскертти.
ЮНИСЕФтин Пакистандагы өкүлү Абдулла Фадыл берген билдирүүсүндө Пенджабдагы абанын булганышынан жабыркаган 5 жашка чейинки 11 миллион бала жана башкалары үчүн абанын булганышын азайтуу үчүн өкмөттү тез арада жана көбүрөөк күч - аракет жумшоого чакырды.
Фадыл абанын булганышы 11 миллион баланын ден соолугуна коркунуч туудургандыгын эскертип : "Бул рекорддук деңгээлдеги абанын булганышына чейин Пакистанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн болжол менен 12 пайызы абанын булганышынан улам болгон",- деди.
Пакистанда абанын булганышы рекорддук деңгээлге жеткендиктен өкмөт Пенджабдын калкы көп шаарларынын айрымдарында сейил бактарды, зоопарктарды, музейлерди жана тарыхый жайларды 17 - ноябрга чейин жапты.
Пенджаб аймагынын башкаруучулугу жарандардан беткап колдонууну талап кылса да көпчүлүк бул чечимге баш ийген жок.
Өкмөттүн булгануу менен күрөшүү үчүн жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын иликтеп жаткандыгы белгиленди.