Бразилиянын лидери Луладан Венесуэла билдирүүсү

Венесуэла элинин жыргалчылыгын тилегендерин айткан Лула да Силва, эч бир өлкө менен көйгөйлүү саясатты карманууну каалабагандарын да кошумчалады.

2209154
Бразилиянын лидери Луладан Венесуэла билдирүүсү

Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Венесуэланын президенти Николас Мадуро тууралуу билдирүү жасап: «Мадуро биздин эмес, Венесуэланын көйгөйү»,-деди.

Лула да Силва өлкөсүндөгү бир телеканалга берген билдирүүсүндө, акыркы убакта дипломатиялык тирешүүлөр болуп жаткан коңшу Венесуэланын лидери Мадурого кызыкдар эмес экендиктерин баса белгиледи.

Бразилиянын президенти Лула да Силва: «Башка өлкөлөр жана лидерлер менен мамилебиз чыңалганда өтө этият болушубуз керек. Менин оюмча Мадуро биздики эмес, Венесуэланын көйгөйү. Менин милдетим Бразилиянын туура багытта жүрүшүн камсыздоо»,-деди.

Венесуэла элинин жыргалчылыгын тилегендерин айткан Лула да Силва, эч бир өлкө менен көйгөйлүү саясатты карманууну каалабагандарын да кошумчалады.

Венесуэлада 28-июлда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Мадуро жеңип чыккандан кийин Бразилиянын жыйынтыктарга “күмөнсүздүк” менен мамиле кылышы жана шайлоо корутундусун ачыкка чыгарууну талап кылышы, эки коңшу өлкөнүн ортосунда дипломатиялык чыңалууга алып келген.



Тектеш кабарлар