Беларустун тышкы иштер министрлиги өлкөнүн расмий түрдө БРИКСтин өнөктөшү болгондугун жарыялады

Лукашенко Беларустун БРИКСке өнөктөш катары кошулушунун Россиянын кезектешкен башкаруучулугунда расмийлешүүсүнөн ыраазы экендигин айтты.

2209343
Беларустун тышкы иштер министрлиги өлкөнүн расмий түрдө БРИКСтин өнөктөшү болгондугун жарыялады

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Беларустун президенти Александр Лукашенконун Россиянын президенти Владимир Путинге  Беларустун БРИКСке «өнөктөш» катары кошулууга даяр экендигине байланыштуу 5 -  ноябрда кат жибергендиги билдирилди.

Катты Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковдун Россиянын Минсктеги элчиси Борис Гризловду кабыл алуусунда тапшыргандыгы белгиленген билдирүүдө : "Жазуу жүзүндөгү чакырууга расмий жооптун берилиши, мүчө мамлекеттер тарабынан кабыл алынган өнөктөш статусун алууга  карата процедура  зарыл элемент.  Ошол учурдан тартып өлкө расмий түрдө БРИКСтин өнөктөшү болуп эсептелет",- деп айтылды.

Билдирүүдө Беларустун президенти Лукашенконун катынын мазмунуна да орун берилди.

Лукашенко БРИКС түзүлгөндөн бери көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү туруктуу түрдө бекемдегендиги, бир гана бир символ эле эмес ошол эле учурда  көп уюлдуулуктун  негизи экендигин гана эмес, түркүктөрүнүн бири болгондугун баса белгилеп : «Адилеттүү дүйнөлүк тартип үчүн бул биримдикке мүчө мамлекеттер гана эмес, глобалдык көпчүлүк барган сайын көбөйүп баратат. Бири бирине карата урмат -  сый жана теңдик, максаттарынын кызыкчылыгы, БРИКСтын кеңейүүсүнө жол ачууда",- деди.

Лукашенко Беларустун БРИКСке өнөктөш катары кошулушунун Россиянын кезектешкен башкаруучулугунда расмийлешүүсүнөн ыраазы экендигин айтты.

Министрлик Беларустун  БРИКСтин зарыл стандарттарына жана критерийлерине ылайыктуулугун тастыктаганын жана БРИКСтин өнөктөш өлкөлөр моделинин жетектөөчү принциптери менен кетүүнү кабыл алгандыгын  билдирди.



Тектеш кабарлар