АКШ Сириядагы Иран колдогон топторго сокку урду

Сирияда Иран колдогон топторго байланышы бар 2 аймакта 9 бутага сокку урулганы айтылды.

2209263
АКШ Сириядагы Иран колдогон топторго сокку урду

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) өз кызматкерлерине жасалган кол салууларга жооп катары Сириядагы Иран колдогон топторго байланышы бар 9 бутага сокку урганын жарыялады.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) расмий интернет сайтынан берилген маалыматта, АКШнын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында Сирияда жүргөн америкалык кызматкерлерге карата кол салууларга жооп кайтарганы билдирилди. 

Билдирүүдө Сирияда Иран колдогон топторго байланышы бар 2 аймакта 9 бутага сокку урулганы, муну менен «бул топтордун келечекте АКШ жана союздаштарына каршы чабуул жасоо ыктымалдыгы азайганы» белгиленди.

CENTCOM командири генерал Майкл Эрик Курилла АКШ күчтөрүнө каршы кол салууларга уруксат бербей тургандарын айтып: «АКШ өз кызматкерлерин жана өнөктөштөрүн коргоо үчүн зарыл болгон бардык кадамдарды таштай берет»,-деди.



Тектеш кабарлар