Трамп-Путин сүйлөшүүсү
The Washington Post гезитинин кабарына караганда, экөө шайлоодон кийин 7-ноябрда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жана Орусия-Украина согушундагы чыңалууну азайтуу чакырыгы айтылганы билдирилди.
The Washington Post гезитинин кабарына караганда, экөө шайлоодон кийин 7-ноябрда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.
Трамп Путинге Вашингтондун “Европада олуттуу аскерий катышуусу бар” экенин айтты.
АКШнын жаңы шайланган президенти Трамп Путинди Орусия-Украина согушундагы чыңалууну азайтууга чакырды.
Украина башкаруучулугуна телефондук сүйлөшүү тууралуу маалымат берилди.
Путин 7-ноябрда Трампты куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп Орусия-Украина согушун “дароо” бүтүрө аларын айткан.