Шольц - Трамп сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө эки лидер Германия-АКШ мамилелерин жана учурдагы геосаясий чакырыктарды талкуулашканы маалымдалды.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Шольцтун АКШнын шайланган президенти Трампка телефон чалып, шайлоодогу жеңиши менен дагы бир жолу жеке өзү куттуктаганы белгиленди.
Сүйлөшүүдө эки лидердин Германия-АКШ мамилелерин жана учурдагы геосаясий маселелерди талкуулашканы кабарланды.
Канцлер Шольцтун Трампка Немис өкмөтүнүн АКШ менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдиргени маалымдалды.
Шольц менен Трамптын Европада тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашканы айтылды.
Тектеш кабарлар
Подеста: «Түркия негизги өнөктөш жана талапкер өлкө»
Евробиримдик комиссиясынын жаңы басма сөз катчылары журналисттер менен биринчи жолу жолугушту.