Аббас: «Газа тилкесинде экинчи Накба болуп жатат»

Аббастын, Палестиналык каршылык көрсөтүүнүн эң маанилүү символдорунун бири катары эсептелген Палестинанын биринчи президенти Ясер Арафаттын өлүмүнүн 20 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүнүн тексти, Палестинанын WAFA маалымат агенттигинде жарыяланды.

2208702
Аббас: «Газа тилкесинде экинчи Накба болуп жатат»

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Газа тилкесинде экинчи Накба болгонун жана тарыхта болуп көрбөгөндөй геноцид болгонун билдирди.

Аббастын, Палестиналык каршылык көрсөтүүнүн эң маанилүү символдорунун бири катары эсептелген Палестинанын биринчи президенти Ясер Арафаттын өлүмүнүн 20 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүнүн тексти, Палестинанын WAFA маалымат агенттигинде жарыяланды.

Палестина элинин кыйын процесстен өтүп жатканын белгилеген Аббас: «Газа тилкесинде экинчи Накба болуп жатат. Биздин эл тарыхта болуп көрбөгөн геноцидге кабылууда. Миңдеген адамдар өлүп, жарадар болуп, бардык жерде үйлөр талкаланып, адамдар үй-жайсыз, оорулуу жана ачарчылыкта калууда»,- деп айтты.

Израилдин Газаны жашылгыс бир жерге айландырганын жана Газанын түндүгүндө болуп жаткандардын мунун эң жакшы далили экенин белгилеген Аббас Израилдеги ашынган оңчул өкмөт ишке ашырууга аракет кылган депортация планынын ийгиликтүү болбой турганын айтты.

Аббас Палестина элинин бар экенин жана Палестина маселесин жок кылуу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар